Баласагын атындагы КУУдан туруктуу коррупциялык схема аныкталды

  • 3 года мурун

УКМК кызматкерлери Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Ош филиалындагы системалык түрдөгү пара алуу схемасын аныктады.


УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта:

“Кыргыз Республикасынын УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Пара алуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ж.Баласагын атындагы КУУнин Ош филиалынын айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Университеттин жетекчилиги окутуучулар менен биргеликте экзамендик сессияга жана мамлекеттик экзамендерге кирүүгө уруксат алуу үчүн чет элдик студенттерден пара алууга схема түзүп алышкан, муну менен эл аралык коомчулуктун алдында мамлекеттик университеттердин беделин түшүргөнү аныкталды.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракетерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”- деп жазылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты