Бүгүн абактагы эки депутаттын баш коргоо чарасы каралат
- 3 года мурун
Бүгүн, 18 – июнда сот Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын карайт.
Бишкек шаардык сотунун алдына экс-депутаттын тарапташтары чогулду.
Ошондой эле Асылбек Жээнбековдун бир тууган агасы, Кыргызстандын Украина жана Молдовадагы элчиси Жусупбек Шарипов дагы келди.
«Кумтөр» иши боюнча коррупцияга шектелип, 31-май күнү кармалышкан депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдорго карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 1 — июнь күнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү