​10 күн ишке чыкпаса депутаттык мандатынан айрылат

  • 3 года мурун

Жаңы Конституцияга ылайык Жогорку Кеңеш парламенттин регламенти жана “Депутаттын макамы” тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.


Азыркы Конституциядагы жоболорго дал келтирилген конституциялык мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин депутаты бир сессия убагында катары менен 10 күн жумушка чыкпаса, мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандаты кайтарап алынып, ыйгарым укукугу токтотулат.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 5 –майында күчүнө кирген жаңы Конституцияга ылайык Жогорку Кеңеш 90 депутаттан куралып, анын 55и партиялык тизме менен, 35и бир мандаттуу округадардан шайланып келишет.

2021 -жылдын 11 — апрелиндеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо менен кошо өткөн Референдумда Конституциянын жаңы долбоорун шайлоочулардын 79,32%ы колдоду деп БШК билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты