​“Кумтөр” иши боюнча камалган 2 экс-депутат үй камагына чыкты

  • 3 года мурун

“Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерге тиешеси бар делинип камакка алынган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Талантбек Узакбаев менен Алмазбек Батырбековдор кое берилди.


Алар тергөө менен кызматташуу келишимине кол коюшуп, үй камагына чыгышкан. УКМКнын уруксаты жок алар Бишкек шаарынын аймагынан сыртка чыга алышпайт жана кечки 10дон таңкы 6га чейин үйүнөн чыкпашы керек.

Эске сала кетсек, 31 — май күнү УКМК «Кумтөр» иши боюнча коррупциялык иштерге шектүү катары мурдагы премьер — министр Өмүрбек Бабановду, мурдагы депутаттар Талантбек Узакбаев, Исхак Пирматовдорду, экс — спикер, ЖК депутаты Асылбек Жээнбековду жана Төрөбай Зулпукаровду камакка алган.

Ал эми экс-депутат, экс-вице-премьер-министр Алмазбек Батырбеков коррупцияга шектелип, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен кошо 9-июнь күнү камакка алынган.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты