​“Эмгектин” эки талапкери шайлоого баруудан баш тартты

  • 3 года мурун

“Эмгек” саясий партиясынын шаардык бөлүмүнүн 14 – июндагы жыйыналышында Жаныбек Абиров менен Руслан Жакышовду талапкерлердин тизмесинен алып салуу чечими кабыл алынган.


11 – июлдагы Бишкек шаардык кеңешине болгон кайра шайлоого катышмакчы болуп жаткан “Эмгек” партиясынын тизмесинде биринчи бара жаткан Жаныбек Абиров жана бешинчи сабындагы Руслан Жакишевдер шайлоого баруудан өз каалоосу менен баш тартышкан. Экөө тең шаардык кеңештин учурдагы чакырылышынын депутаттары.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров муниципалдык кызматкерлердин социалдык маселелерин чечүүгө жана шаардын инфраструктурасын жакшыртууга арналган бюджеттик каражаттардын эсебинен айлык акысын негизсиз көбөйтүп алган деп 28 – майда Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

11 — апрелдеги жокко чыгарылган шайлоодо «Эмгек» партиясы шаардык кеңеште 10 мандатка ээ болуп, биринчи орунду камсыздашкан. 12 -май күнү Бишкек АШКсы шайлоо мыйзамдарын одоно бузган деген негизде «Эмгек» партиясын шайлоодон четтеткен.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты