Кыргыз-тажик жаңжалы боюнча Эл аралык сотко кайрылгандарды Президенттик администрация сынга алды

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын айрым жарандарынын ушул жылдын 28-30-апрелиндеги мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларга байланыштуу Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу демилгеси боюнча Президенттик администрация пикирин билдирди.


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелеринин бардыгы учурда саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечилип жатканын кабарлаган Президенттик администрациянын билдирүүсүндө:

«Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар өз ишин улантууда. Алар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени чечүүнүн эң алгылыктуу жолдорун издеп жатат.
Азыркы учурда чек ара маселелери тынчтык жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле баштаганда, айрым күчтөр кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн. Чек ара маселелери өтө салмакталган мамилени талап кылууда жана бул жагдайда мындай демилгелер маселенин саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн» — деп жазылган.

Эске сала кетсек, юрист Сания Токтогазиева жана бир катар жарандык активисттер топтогон материалдардын негизинде 6 – июнь күнү Рим статутунун 15-беренесин пайдаланып, Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргыз Республикасынын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарды кылгандыгы үчүн тергөө ишин баштоо өтүнүчү келтирилген.

Эл аралык кылмыш сотунун прокуратурасы аталган арызды каттоого алганын 14 — июнда Сания Токтогазиева билдирген.

Тажикстандын куралдуу күчтөрү Кыргызстандын жай турмуштагы калкына 29 – апрель күнү куралдуу кол салуу уюштуруп, натыйжада 36 кыргыз жараны кайтышып болуп, 180дей адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты