Кыргыз-тажик чек ара жаңжалы: Жабыркагандардын саны 179 адам болду

  • 3 года мурун

Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.


Анын айтымында, айрым калктуу конуштар жардамдан ажыратылгандыктан, адамдар өз убагында дарыгерлерге кайрыла албай, ооруканаларга азыр гана жаткырылууда. Алар 29-30-апрелде жаракат алышкан.

«Учурда Бишкекте 65 жабырлануучу дарыланып жатат. Мен борборго кайтып келдим. Бүгүн оорулууларды өзүм кыдырып чыгам», — деди Саламаттыкты сактоо министри.

Эске сала кетсек, кыргыз-тажик кандуу кармашы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орнотуп баштагандан тутанган. 29 — 30 — апрель күндөрү
тажикстандык аскерлердин куралдуу кол салуусунан 34 мекендешибиз кайтыш болгон.
Алардын 3өө
аскер кызматкерлери.


Фото: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты