​1 айга жетпеген убакыт ичинде “Кумтөрдөн” 40 миллион доллар киреше түштү

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда “Кумтөр” алтын кенининин убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки абалы менен таанышып чыкты.


Учурда кен үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштөөдө. “Кумтөрдө” иштеген кызматкерлер мамлекет тарабынан тышкы башкаруунун киргизилишин түшүнүү менен кабыл алышканын, айлык маяналар өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүп жатканын айтышкан. Ошондой өлкөнүн бюджетине “Кумтөрдөн” түшүүчү бардык төлөмдөр жана салыктар планга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Президент алтын ылгоочу фабриканы көрүп чыкты. Анда бир айга жетпеген убакытта убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде “Кумтөр Голд Компани” 44 миң унций алтын сатып, анын натыйжасында 40 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дүң киреше түшкөнү белгиленди.

Ишкананын кызматкерлеринин белгилешинче, кен мол чыккан жерди казуу иштери башталса, алтындын көлөмү дагы көбөйөт.

Эске сала кетсек, 14 — майда «Кумтөр» кенине сырттан башкаруу киргизилип, 18 — майда Тенгиз Бөлтүрүк сырттан башкаруучу катары «Кумтөр» ишканасынын жамаатына тааныштырылган.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты