​Балдар үйүндөгү өспүрүм өлүмү: Ведомстволор аралык комиссия түзүлдү

  • 3 года мурун

Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.


Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын курамына президенттик администрациянын, Жогорку Кеңештин, ички иштер министрлигинин, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин, билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү кирген.

«Комиссия балдар үйүнүн жашы жете элек тарбиялануучусунун өлүмүнө байланыштуу бардык жагдайларды объективдүү жана кылдаттык менен изилдеп чыгат» деп билдирди балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова.

Жетим калган жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн 6-классынын окуучусу, 12 жашар Игорь Якуниндин туулган) өлүмү фактысы Сокулук РИИБинде 1-июнда саат 23:08 катталган. 2-июнда саат 9:24тө кылмыш жана жоруктарды бирдиктүү реестирне (КЖБР) катталган. Тергөөчү — милициянын лейтенанты Өмүрбек уулу Максат. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Акыйкатчынын Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында тергөө иш-чаралары мезгилинде балдар үйүнүн директорунун иштен четтетилиши талап кылынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты