​“Бишкек-Балыкчы” поезди каттай баштайт

  • 3 года мурун

18-июндан баштап «Бишкек-1» станциясынан жума, ишемби жана жекшемби күндөрү «Бишкек-1 — Рыбачье» каттамы үчүн жүргүнчүлөрдү ташуучу No 608/609 поезд дайындалды.


Бул тууралуу «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Поезд «Бишкек-1» станциясынан (жергиликтүү убакыт боюнча) таңкы саат 7де жөнөйт. «Рыбачье» станциясына 11 саат 59 мүнөттө келет. Кайтып келүү ошол эле күнү»Рыбачье» станциясынан 17 саат 15 мүнөттө чыгып, «Бишкек-1» станциясына 22 саат 03 мүнөттө келет.

«Бишкек-1» станциясынан «Рыбачье» станциясына чейин 5 жашка чейинки балдар үчүн жол акысы акысыз (ар бир чоң жүргүнчүгө бир баладан), 5 жаштан 10 жашка чейин — 34 сом, 10 жаш жана андан чоңдор үчүн — 69 сом.

Коронавируска каршы чектөөлөрдү сактоо үчүн жүргүнчүлөргө сөзсүз маска кийип саякаттоого уруксат берилет жана кол кап кийүү сунушталат. Поездде вагондордун ортосунда жүргүнчүлөрдүн кыймылына тыюу салынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты