Балдар үйүндөгү өспүрүм өлүмү: Акыйкатчы директордун иштен четтетилишин талап кылат

  • 3 года мурун

Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 12 жаштагы Игорь Якуниндин өлүмү тууралуу маалымат чыгаары менен, КР Акыйкатчысынын Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында тергөө иш-чаралары мезгилинде балдар үйүнүн директорунун иштен четтетилиши талап кылынды.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Андагы текшерүүдө маалым болгондой, жетим калган жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн 6-классынын окуучусу, 12 жашар Игорь Якуниндин туулган) өлүмү фактысы Сокулук РИИБинде 1-июнда саат 23:08 катталган. 2-июнда саат 9:24тө кылмыш жана жоруктарды бирдиктүү реестирне (КЖБР) катталган. Тергөөчү — милициянын лейтенанты Өмүрбек уулу Максат. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин айтуусунда, балдарды сурамжылоо райондук прокуратуранын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөнү маалым болду.

Адвокаттын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуулар орун алган.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тарабынан билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорунун тергөө иш-чаралары мезгилинде кызматынын четтетүү тууралуу кат жолдонгон, Анткени балдар мекемесинин директору ал интернаттын окуучуларынын көрсөтмө берүүсүнө кийлигишүүсү жана бала өлүмүнүн фактысын мүмкүн болгон жаап-жашыруусу эске алынган.

Белгилүү болгондой, каза болгон өспүрүм буга чейин өзүн асырап алууну ниеттенген жарандар менен төрт жолу жолуккан. Мындан тышкары Игордун трагедияга чейин ден соолугу чың болгону тууралуу медициналык маалымкаттар бар.

Бул иш Акыйкатчынын өзгөчө көзөмөлүндө тургандыгы белгиленди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты