Эверестти багынткан Эдуард Кубатов УКМКга суракка барды
- 3 года мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Центерра Голддун» директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Эдуард Кубатовду суракка алды.
«Кумтөргө» каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында ал күбө катары чакырылган.
Эскерте кетсек, 15-майда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кеңселеринде УКМК тинтүү жүргүзгөн. Кийинчерээк тергөө иш-чараларынын натыйжасында коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бир катар чиновниктер камакка алынышкан.
УКМКнын мурдагы кызматкери, бир катар тоо-кен ишканаларында иштеп кеткен Эдуард Кубатов жакында эле кыргызстандыктардан биринчи болуп, Эверест чокусун багындырган. «Политклиника» медиасына ал саякаты тууралуу кенен маек берген.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү