​“Кумтөр голд компани” кыргыз мыйзамдарына баш ийээрин, АКШ сотун тааныбай турганын билдирди

  • 3 года мурун

“Центерра” “Кумтөр голд компаниинин” атынан Нью-Йорк сотуна кайрылып, банкарттук иш-аракеттерди баштоону өтүнгөн. Кечээ,9 –июнда Нью-Йорк соту “Центерранын” өтүнүчүн канааттандырган чечим чыгарган.


Аталган чечим боюнча, бүгүн, 10 – июнда “Кумтөр голд компании” атайын кайрылуу жасап, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) өзүнүн түзүлгөн күндөн тартып өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүп келгендигин жана жүргүзүп келе жаткандыгын баса белгилеген. Бул шарт Центерра Голд Инк. жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жазуу түрүндө келишимдер менен бекитилген.

КГКнын атынан “Центерра” компаниясы макулдашылбаган банкроттук жол-жобосунун демилгеси боюнча жана ошондой эле, дүйнөдө бардык сот процесстеринин токтотулушун, банкроттук жөнүндө арыз бергенге чейин пайда болгон карыздарды өндүрүү боюнча кредиторлордун аракеттерин жана КГКнын кызыкчылыгына каршы айрым башка аракеттерди билдирген АКШнын мыйзамдарына ылайык башталган автоматтык түрдө токтото туруу жол-жобосуна КГК өтө тынчсызданганын кошумчалаган.

“2021-жылы 31-майда КГКнын жалгыз акционер катары “Центерра” КГКнын уставында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипти бузуп, материалдарды АКШ банктроттук сотунун кароосуна өткөрүп жана айрым жеке жана юридикалык жактарга КГКнын атынан иш алып барууга укук берип мыйзамсыз чечим чыгарды. Бул чечимдин юридикалык күчү жок жана КГК аталган чечимди “Центерранын” жоопкерчиликтен качуу жана өз кызыкчылыктарын гана эске алып, КГКнын ишмердүүлүгүнө доо кетирүү максатында жасады деп эсептейт.

Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет жана АКШнын банктроттук соту тарабынан көрүлө турган чаралар колдонулбайт.

КГКнын ишмердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.

КГК төлөөгө жөндөмдүү компания жана жакынкы келечекте Кумтөр кенинин туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн товарларды жана тейлөөлөрдү көрсөткөн жеткирүүчүлөрү менен өз убагында эсептешүү боюнча жоопкерчиликтен баш тартпайт. КГК өзүнүн социалдык милденттемелерин жана Кыргыз Республикасынын бюджетинин, өзүнүн кызматкерлеринин жана жалданма уюмдардын алдында бардык милдеттенмелеринин аткаруусун улантат” – деп жазылган “Кумтөр голд компании” тараткан билдирүүдө.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты