​Нью-Йорк соту “Центерранын”доосун канааттандырды

  • 3 года мурун

“Центерранын” туунду компаниялары болгон “Кумтөр Голд” менен “Кумтөр Оперейтинг Компании” 1 – июнда Нью-Йорк сотуна Кыргызстандын үстүнөн арызданган.

8 – июнда бул ишти караган Нью-Йорк соту канадалыктардын доосун канааттандырган чечим чыгарган.

Соттун чечимине ылайык, эки компанияны юридикалык же административдик жоопко тартууга, алардан доо өндүрүүгө жана ал ишканалардын мүлкүн тартып алууга тыюу салынат. Ошондой эле кендин ишине байланыштуу келишимдерди токтотууга же өзгөртүүгө бөгөт коюлду.

Кыргыз Республикасы жалдаган юридикалык компаниялардын жактоочулары Нью-Йорк сотунун бул чечимине каршы апелляция даярдап, кыргыз бийлигинин “Кумтөр” кенин иштетүүгө сырттан башкаруу киргизгени мыйзамдуу болгонун айтышкан.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен «Кумтөр Голд Компани» мамлекетке келтирген экологиялык зыян үчүн 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирилген.

16-майда канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражга кайрылаарын жарыялаган.

Стокгольмдогу Эл аралык арбитражда териштирүү иштери качан башталаары азырынча белгисиз.

фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты