Казакстанга сугат суу берип, ордуна электр энергиясын алабыз

  • 3 года мурун

Казакстанда быйыл сугат суу тартыш болуп, эгин талаалары куурап жатат.

Казакстандын Экология, геология жана табигый ресурстар министринин орун басары Серик Кожониязовдун айтымында, Казакстан менен Кыргызстан 370 млн метр куб сууну, 370 млн кВт/с электр энергиясына алмашат. Ал эми Тажикстан Бахри – Точик суу сактагычындагы 315 млн метр куб суу үчүн Казакстандан техника жана күйүүчү май алат.

Быйыл Кыргызстанда да суу тартыштыгы байкалып, «Токтогул» суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайып, кооптуу чекке жеткен.

Электр энергиясын үнөмдөө боюнча кескин чараларды көрбөсөк, Кыргызстандын энергетикалык тутуму кыйрап, «Токтогул» суу сактагычы иштебей калышы мүмкүн экенин Улуттук энерго холдингдин башчысы Бакыт Сыдыков билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты