​“Кумтөр” иши: Данияр Нарымбаев камалды

  • 3 года мурун

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев УКМК убактылуу абак жайына 31-июлга чейин камалды.

Бул тууралуу чечимди бүгүн, 9-июнда, Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

“Кумтөр” кенинин тегерегиндеги коррупцияга шектелип, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана экс- биринчи вице-премьер-министр, «Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмазбек Баатырбеков УКМК тарабынан кармалган.

«Кумтөр» ишинин алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана экс – депутаттар Талантбек Узакбаев, Исхак Пирматов 31 – майда камакка алынышкан.

31 — май күнү Биринчи май райондук соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

«Кумтөр» иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев 31 – июлга чейин камакта калтырылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты