​“Кыргыз Темир жолунун” мурдагы башчысы Василий Дашков камакка алынды.

  • 3 года мурун

Ушул жылдын 18 – майында ал УКМКга суракка чакырылып, ага карата “коррупция”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголгон.


Келтирилген чыгымды 1 айдын ичинде ордуна коем деп убада кылган Василий Дашков Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Бүгүн, 9-июнда УКМК Василий Дашковду камакка алды.

Ал 2020-жылдын май айынан декабрь айына чейин өзүнө тиешелүү компанияларга 1,1 млрд сом мыйзамсыз которуп алган.

“Аталган сумманы төлөп берүү милдети менен Василий Дашков Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган. Бирок али күнгө чейин ал чыгымды ордуна кое элек. Ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бюджеттик каражаттарды чыгарып кетүү боюнча кошумча фактылар табылды. 2021-жылдын январь айынан апрель айына чейин “Кыргыз темир жолу” ишканасынан 490 миллион сом чыгарылган. Натыйжада, чыгымдын жалпы суммасы 1,5 млрд сомду түздү. Василий Дашков УКМКнын тергөө абагына киргизилди”, — дейт УКМКнын басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, УКМК тарабынан «Кыргыз темир жолу» ишканасынан ири суммадагы акчаны чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема аныкталган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты