УКМК Василий Дашковдун үй камагына чыгарылган себебин айтты

  • 3 года мурун

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, «Кыргыз темир жолу» ишканасынан ири суммадагы акчаны чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема аныкталган.


«Кыргыз темир жолунун» жетекчилиги 2020-жылдын май айынан баштап, 2021-жылдын апрель айына чейин «Атом Групп» жана «Генезис Плюс» ЖЧКларына товардык –материалдык баалуулуктарды сатып алуу жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн деп 500 млн сомду которушкан.

Бул соттук иштин алкагында «Кыргыз темир жолунун» каржы департаментинин башчысы жана жогорудагы ЖЧКлардын башчылары камакка алынышкан. Бул коррупциялык схемага «Кыргыз темир жолунун» мурунку башчысы Василий Дашковдун жана анын баласынын дагы катыштыгы аныкталган. 19 — май күнү Биринчи май райондук соту ага карата «ири суммадагы алдамчылык» боюнча айып тагып, үй камагына чыгарган.

Василий Дашков бир ай убакыт ичинде келтирилген чыгымды ордуна коем деген шарт менен үй камагына алынганын УКМК кошумчалады.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты