​Замир Жоошев: “Алмазбек Атамбаевдин абалы оор”

  • 3 года мурун

Экс-президент Алмазбек Атамбаев тез арада ооруканага жаткырылууга муктаж.


Анын жакточусу Замир Жоошевдун айтымында, экс-президенттин эски оорулары күчөп, инфаркт алдында турат. Бирок сот тарабынан бир ай мурун дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы али күнчө аягына чыга элек.

Алмазбек Атамбаевдин 148 беттен турган оору баянынын көчүрмөсү сотторго берилген.

“Алмазбек Атамбаев комплекстүү дарылануусу керек. Аны колониянын шартында ала албайт. Ооруканага жаткырылышы үчүн үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылганбыз. Бирок өтүнүчүбүз четке кагылды», — деди Замир Жоошев.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты