​Абактагы Азамат Дыйканбаев Президентке кайрылды

  • 3 года мурун

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мурдагы башчысы, ири өлчөмдөгү пара талап кылган деген шек менен камакка алынган Азамат Дыйканбаев Президент Садыр Жапаровго кат жазды.


Катында Азамат Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыра турган кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы менен келишимди кепилдик акчаны төкпөгөндүктөн узартпай койгонун жазып, ошол кадамы үчүн камакка алынганын айткан.

Азамат Дыйканбаевден кытайлык компания менен келишимди узартууну Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Президенттин Эрнис аттуу жардамчысы суранганын, баш тартып койгону эн чоң катасы болгонун жазган.

Эске сала кетсек, 20-май күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырмакчы болгон кытайлык «Shenzhen Sunwin» компаниясынын өкүлдөрүнөн 2 миллион 600 миң сом пара талап кылды деген кине менен камакка алынган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты