​Чоң чырга себепчи болгон НДПК, «Эмгек» кайра шайлоого аттанды

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык кеңешине дагы төрт партия ат салышуу ниетин билдирди. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматовдун айтымында, документтерди «Туран», «Эмгек», «НДПК» жана «Жашылдар партиясы» тапшырган.


Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 13 саясый партия Бишкек шаардык кеңешине болгон кайта шайлоого катышаарын жар салышты.

Документтерди тапшыруу мөөнөтү 13-июнда аяктап, 20-июнда аймактык шайлоо комиссиялары кайсы партиялар катталганын жарыялайт. Үгүт иштери 21-июнда башталып, 10-июль, саат 8.00ге чейин уланат.

Эске сала кетсек, 11 – апрелдеги Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодогу массалык мыйзам бузуулары үчүн НДПК, «Эмгек» партиялары шайлоодон четтетилген. 12 – майда Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, кайра шайлоо жарыяланган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты