​Өмүрбек Бабанов абактан кат жазды

  • 3 года мурун

“Кумтөр” иши боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов УКМКнын тергөө абагынан кат жазды.


Катында ал акталаарына үмүтү чоң экенин, иши менен абийри таза экенин жазган.

“Соттук териштирүүгө журналисттерди киргизүүнү абдан сурандык. Эгер мен корко турган нерсе болсо, журналисттерди киргизгиле деп суранат белем?

Тилекке каршы, сот бул өтүнүчүбүздү канааттандырган жок, залда аудио-видео жазуу жүргүзүлөт, аны кийин алса болот деген. Бирок соттук териштирүүдөн кийин видео-материалды берүүдөн баш тартышты. Менин жактоочуларым расмий түрдө өтүнүч кылганы менен, сот техникалык себептерден улам жазылбай калыптыр деп койду. Эмнеге судья алдайт? Соттук териштирүү түшүрүлгөн видеону да бергенден коркуп жатышат…

Себеби, соттогу абсурддук кырдаалды видеожазуудан бардыгы көрө алышмак.

Тергөөчү менен прокурор бир да суроого жооп бере албай, башын жерге салып турушту”, — деп жазган Өмүрбек Бабанов.

Ошондой эле ал, премьер-министрлик кызматта 2012-жылдын акырына чейин иштегенге мүмкүнчүлүк бербей коюшканына өтө өкүнгөнүн билдирип, ошол жылдын акырына чейин иштесе, “Кумтөрдөгү” Кыргызстандын үлүшүн сөзсүз түрдө 70 пайызга жеткирип, “Кумтөрдү” Кыргызстан өзү башкарып калмак экенин кошумчалаган.


Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» ишканасы менен байланышкан иште коррупцияга аралашкан деп айыпталып, 31 — майда УКМК тарабынан кармалган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты