Сания Токтогазиева Тажикстан аскер кызматкерлери Кыргызстан калкына каршы кылмыш кылгандыгы тууралуу эл аралык сотко кайрылды

  • 3 года мурун

Юрист Сания Токтогазиева Тажикстандын аскер кызматкерлери Кыргызстан калкына каршы аскер кылмышын кылгандыгы тууралуу эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна тергөө ишин баштоо боюнча кайрылды.

Бул тууралуу Сания Токтогазиева буларды билдирди.

-Бүгүн, Рим статутунун 15-беренесин пайдаланып, Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргыз Республикасынын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарды кылгандыгы учун тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу (communication) жөнөттүм.

Маалымат чогултууга жана кайрылууну жазууга жардам бергендердин бардыгына (алардын аттарын документте көрө аласыз) терең ыраазычылыгымды билдирем, -деди юрист.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан жарат алгандар-178, каза тапкандардын саны 34 кишиге жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты