​Баткен жана Лейлек райондорунан 33 388 адам эвакуацияланган

  • 3 года мурун

Баткен районунун Ак-Сай, Актатыр, Карабак жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнөн жана Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айыл өкмөттөрүнөн 33 миң 388 адам гана эвакуацияланган.

Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, алардын 14246сы жашы улуу адамдар, 19142си — балдар.

Ошондой эле, аларга гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча иштер жүрүп жатат.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан жарат алгандар-173, каза тапкандардын саны 34 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы каза болгон адам Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 24 жаштагы Азазбек Бактияров экенин билдирди.

2-майда эртең менен жалпы жабыркагандардын саны 178 адам, 34 адам каза болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты