​Тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн оор кырдаал тынчтык жолу менен чечилгенин билдиришти

  • 3 года мурун

2021-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссияларынын жумушчу жыйыны эки өлкөнүн чек ара тилкесинде өттү.


Тараптар мамлекеттик чек аранын аталган тилкесинде түзүлгөн оор кырдаал тынчтык жолу менен чечилгенин билдиришти.

Эки тарап кол койгон протокол боюнча:

  • эки өлкө тең чек ара тозотторун 3 чакырым өз аймагына жылдыруу;
  • туруктуу чек ара отряддарын гана калтыруу менен аскерлерди, аскердик техникаларды туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүү;
  • бул участкадагы жайыттарды пайдалануу;
  • мамлекеттик чек арадагы бардык иш-аракеттерди тараптардын теңтөрагалары менен алдын-ала макулдашуу;
  • мурда кол коюлган протоколдорго ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарына эки тарап макулдашкан гана маалыматтарды берүү;
  • топографиялык жумушчу топтордун жетекчилерине Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын ПТ №122ден ПТ №129га чейинки участокторун чийип чыгууну кыска мөөнөттө аяктоону тапшыруу;
  • чек ара айылдарынын калкы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Тараптар ушул протоколдун пункттарын так сактоого макул болушту.

Эске сала кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал боюнча Кыргызстандын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен бүгүн, 5 — июнда жолугушууларды өткөрүп, бир пикирге келишкенин кабарлаган.

Эки мамлекеттин ортосундагы кезектеги чек ара чыңалуусу 4 — июнга караган түнү Тажикстан Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагына контейнер орнотуп, аскердик техникаларын жайгаштыргандан кийин башталган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты