​Камчыбек Ташиев: «Жолугушуу жемиштүү болду»

  • 3 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал боюнча Кыргызстандын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен жолугушууларды өткөрдү.


«Кечээ тажик тарап менен болгон сүйлөшүүдөн жыйынтык чыккан эмес. Бүгүн Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен бир нече жолугушуу өткөрдүк. Сүйлөшүүлөр жемиштүү болду. Бир келишимге келип, эки тараптуу протколго кол койдук. Аны жакынкы 2 саат ичинде жарыя кылабыз. Протокол 7-8 пунтктан туруп, баардык күч органдарына аскерлерди артка кайтаруу тууралуу буйрук берилет», — деди Камчыбек Ташиев.

Эске сала кетсек, 4 — июнга караган түнү Тажикстан Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагына контейнер орнотуп, аскердик техникаларын тарткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты