​Шайлоо жараксыз деп табылса, талапкерлердин күрөө акысы кайтарылып берилмей болду

  • 3 года мурун

Бүгүн Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоо тууралуу” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.


Президент бул мыйзам долбоорун колдоого алып, кол коюп берсе, шайлоо жараксыз деп табылган учурда талапкер партиялар жана президенттикке талапкерлер күрөөгө койгон акчаларын кайтарып алууга укуктуу болот.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда акыркы бир жыл ичинде Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонунун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Айрым партиялар күрөөгө коюлган акчаларын БШК кайтарып бербей жактанына нааразычылыгын билдиришкен.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты