​Партиялар күрөөгө койгон акчаларын доолашууда

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы талапкер партиялардын күрөөгө койгон акчалары кайтарылбай
тургандыгын билдирген.


Бишкек АШКсынын мындай чечимине макул эместигин билдирген
партиялар сотко кайрылаарын билдиришти.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулованын айтымында, АШК партиялар 15 пайыздык чекти өтпөсө дагы күрөөгө коюлган акчаларды кайрып берүүгө милдеттүү.

«Парламенттик шайлоодо дагы ушундай эле окуя болгон. БШК шайлоону
жараксыз деп таап, 5 миллион сомдук күрөөнү кайрып беребиз деген. Жогорку
Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүп, тийиштүү нормаларды киргизген. Бирок
ал акчаны ошол бойдон алган жокпуз. Эмненин негизинде? Билет сатып алып,
концертке барсаңыз, ал болбой калса, администрация акчаңызды кайрып берет да»,- деп нааразычылыгын билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты