​Министрлер кабинети Тажикстандын акыркы аракетин “коңшулук жана достук мамилеге туура келбейт” деп мүнөздөдү

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү таратты.


Анда:

“Тажикстан Республикасынын аскер кызматкерлери делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери жыйынтыкталганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жазылбаган тилкелерде кандайдыр-бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу мурда жетишилген макулдашууларга карабастан, жетишилген келишимдерди бузуу менен 2021-жылдын 4-июнунда таңкы саат 03.00дө Кыргыз Республикасынын аймагына 1000 метр кирип келип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Унжу-Булак» мамлекеттик чек арасынын жазылбаган тилкесинде контейнер орноткон.

Муну менен тажик тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды курчутууда, бул коңшулук жана достук мамилеге туура келбейт”, — деп жазылган.

Эске сала кетсек, 4 — июнга караган түнү Тажикстан Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Узун_булак аймагына контейнер орнотуп, аскердик техникаларын тарткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты