​Чоң – Алайдын акими абал тынч экенин айтты

  • 3 года мурун

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин райондун акими Темирболот Абыкеев билдирди.


Анын айтымында, тажик тарап контейнер орноткон жер эл жашаган аймактан абдан алыс жайгашкан.

Кыргызстан ал жакка азырынча аскердик техника тарткан жок. Чек арага жакын тилкеде “Карамык” чек ара тозоту жайгашкан.

Эске сала кетсек, бүгүн түнү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагына Тажикстан контейнер орнотуп, аскердик техникаларын тарта баштаганын УКМКнын Чек ара кызматы кабарлаган.

Фото интернеттен алынды


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты