​Дайынсыз болуп жаткан “Сапаттын” башчысын таап берем деп 50 миң доллар, бир унаа алган алдамчы кармалды

  • 3 года мурун

1 — июндан бери дайыны билинбей жаткан “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыны издөө иштери улантылууда.


“Сапаттын” администрациясы жетекчиси Орхан Инандынын кайда экенин кабарлагандарга акчалай сыйлык убада кылган.

2-июнда өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган бирөө Орхан Инанданы табууга жардам берем деп Түркиянын жараны М.А. аттуу адамдан «Субару Импреза» үлгүсүндөгү автоунаасын жана 50,000 доллар акча алган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү «Алдамчылык менен өзгөчө ири өлчөмдө акча алуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштеринин аркасында 1994-жылы туулган О.Б аттуу жаран кармалган.

Тинтүү учурунда андан “Субару” унаасы жана 50 000 АКШ доллары табылып, ошондой эле 6 огу менен “МПР” үлгүсүндөгү травматикалык тапанча чыккан.

«Сапат» билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды 31 — майдан 1 — июнга караган түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып, азыркыга чейин дайыны билинбей жатат.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты