​УКМК башчысы митингке чыгып жаткан камактагылардын жакындарына кайрылды

  • 3 года мурун

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» иши боюнча эч кандай саясий куугунтук болбой тургандыгын, ар ким жасаган аракетине жараша жоопкерчилик тартаарын айтты.


«Биз кылмышка катыштыгы бар бардыгын жоопкерчиликке тартышыбыз керек. Биз өз милдеттерибизди аткарып жатабыз. Ал жерде мурдагы премьер-министрлер, депутаттар, спикерлер, чоң-чоң чиновниктер бар. Мүмкүн мурдагы президенттерди дагы жоопкерчиликке тартабыз. Себеби алардын дагы түздөн-түз тиешеси бар», — деди УКМК башчысы.

Ошондой эле ал камалгандардын тууган-туушкандарынын митингке чыгып жатканы боюнча да комментарий берип:

«Кармалгандардын жакындары ар дайым эле чыгып келген. Мисалы мен камалганда деле менин жакындарым митингке чыккан. Бирок биз саясий өңүттө кармалганбыз. Азыркы кармалгандар коррупциялык өңүттө, мамлекеттин байлыгын талап-тоноого шектелип кармалып отурушат. Митингке чыгып жаткан камакка алынгандардын жакындарына кайрылып кетет элем, мамлекеттин келечеги үчүн биз эч кимди аябашыбыз керек. Тууганың, эң жакын адамың коррупциялык ишке аралашкан болсо, жоопкерчиликке тартылышы керек», — деди.

Эске сала кетсек, 31 — май күнү УКМК Кумтөр иши боюнча коррупциялык иштерге шектүү катары мурдагы премьер — министр Өмүрбек Бабановду, экс — спикер, ЖК депутаты Асылбек Жээнбековду жана Төрөбай Зулпукаровду камакка алган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты