Дастан Жумабеков суракка чакырылды
- 3 года мурун
Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Дастан Жумабеков УКМКга суракка чакырылды.
Ал дагы «Кумтөр» иши боюнча сурак берет.
Кечээ 31 – майда «Кумтөр» кени боюнча коррупциялык аракеттерге барган деген шек менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс –депутаттар Талантбек Узакбаев, Исхак Пирматовдор камакка алынышкан.
«Кумтөр» боюнча мыйзамсыз иштерге баргандардын жоопкерчилиги каралаарын, учурда бул иш боюнча 4 кылмыш иши тергелип жатканын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев парламенттеги жыйында билдирген.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү