УКМКдагы сурак кезеги Асылбек Жээнбековго да жетти
- 3 года мурун
Парламенттин мурдагы спикери, экс-Президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков бүгүн, 31-майда, УКМКга суракка чакырылды.
Ал «Кумтөр» компаниясы менен байланышкан кылмыш ишинде күбө катары суралууда.
Буга чейин, экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев жана бир катар экс-депутаттар суракка чакырылган.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү