​“Кумтөр” алтын кени: Кийинки кадамдар кандай болушу керек? (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө “Кумтөр” алтын-кени: Кийинки кадамдар кандай болушу керек?” деген теманын алдында маек курабыз.

Биздин студияда мейманда — мурдагы вице-премьер -министр БАЗАРБАЙ МАМБЕТОВ.


-“Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизебиз, “Кумтөрдү” өзүбүз башкарып, пайдасын өзүбүз алабыз деп бийлик аракет кылып жатат. Бирок ушулардын баары туура эмес деп айта албайм, бир нерсе нерсе кылыш керек эле “Кумтөрдүн” иши боюнча, 30 жыл болуп калды да.

Мүмкүн болушунча, тышкы башкарууга албай эле, канадалык компанияны жакшылап иштетип, чыккан алтындын үлүшүн Кыргызстандын пайдасы үчүн көбөйтүп, иштетип алса болот эле деген менин адистик оюм. Ал жерде чоң тоо-кен комплексин салды да, алтын алуучу фабрика, хвостохранилище, андан башка да инфраструктуралык объекттер толтура. Жакшылап сүйлөшсө, Канаданын компаниясы бизге чыккан алтындын 13%ын эле бербей, жок дегенде 30-40 % алып туруп иштетиш керек деген ойдомун.

Экинчиден, Канаданын компаниясы Кумтөр өрөөнүнөн эч качан кетпейт…

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты