​Венгрия Кыргызстанда авиахаб ачууга кызыкдар

  • 3 года мурун

Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.


Элчинин айтымында, ушул жылдын 7-июнунда венгриялык «Визз Эйр» авикомпаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, эки тараптуу авиакаттамдарды ачуунун жол — жоболорун, техникалык жана коммерциялык жагын талкуулашат.

«Венгриянын Өкмөт башчысы Кыргызстан менен авиа каттамдардын ачылышына өзгөчө чоң маани берет. Анткени Бишкек европалык туристтердин арасында зор кызыгууга ээ. Каттамдардын ачылышы Венгрия менен Кыргызстандын кызмтташтыгын жаңы деңгээлге чагарат», — дейт элчи мырза.

Макулдашуу ишке ашып калса, биринчи этапта авиакаттам жумасына эки ирет ишке ашырылып турат.

Ошондой эле Венгриянын элчиси Шандор Дороги “Визз Эйр” авиакомпаниясы өзүнүн каттамдык түйүндөрүн Жакынкы Чыгыш, Африка жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө жайылтуу максатында Бириккен Араб эмирлигинин Абу-Даби шаарында «Wizz Air Abu Dhabi» аталышындагы авихаб ачканын, келечекте Кыргызстанда да ошондой авиахаб ачуу планы бар экенин билдирди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты