Air China авиакомпаниясы Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча туруктуу каттам ачат

  • 2 месяца мурун

Кытайдын Air China улуттук авиакомпаниясы  Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча туруктуу авиакаттам ачат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому (ААК) билдирди.

Каттамдар заманбап Airbus A321 үлгүсүндөгү учактар менен жумасына үч жолу – дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Маалыматта айтылгандай, Air China авиакомпаниясынын Кыргызстандын рыногуна кириши өлкөнүн жарандык авиациясы үчүн маанилүү окуя болуп саналат. Азиядагы эң ири авиакомпаниялардын биринин Кыргызстанда ишмердүүлүгүн башташы өлкөбүздүн дүйнөлүк алдыңкы авиаташуучулар үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын тастыктап, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын мындан ары өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Сүрөт: Кыргызстан аэропорттору

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты