​Жаңы долбоор боюнча 4 пайыздык ипотека 25 жылга берилет

  • 3 года мурун

Мамлекеттик ипотекалык компания «Менин үйүм — 2021 – 2026» долбоорун даярдап, өкмөткө сунуштады. Өкмөттүн тиешелүү буйругу чыкса, жарандар 4 пайыздык чен менен 25 жылга ипотекалык үй алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.


Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Урматбек Кокочаров «Спутник» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Бул долбоор боюнча баштапкы төлөм шарттуу түрдө талап кылынбайт, бирок эгер кардар кааласа, өз ыңгайына карап алгачкы төлөмдү берсе болот. Мындай учурда насыянын убактысы кыскарышы мүмкүн. Пайыздык көрсөткүчтүн төмөндөшүнүн негизги себеби анын төлөө мөөнөтүнүн узаргандыгында. Долбоордун дагы бир өзгөчөлүгү компания өзү курган турак жайларды гана сунуштайт. Анда алты жыл ичинде 800 миң чарчы метр турак жай курулушу каралууда», — дейт МИКтин өкүлү.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты