Президент Жапаров 24-25-майда Россияга иш сапар менен барат

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 24-25-майда Россия Федерациясына иш сапары менен барат.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сочи шаарында мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташуунун жана евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы байланыштарга көңүл бурулат.

Ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, анын ичинде Россия вакциналарын Кыргыз Республикасына жеткирүүнү талкуулоо пландаштырылууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты