Дүйшөмбүдөгү ЖККУ жыйынында кыргыз-тажик чек ара чатагы боюнча учкай кеп козголду

  • 3 года мурун

Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүүдө.


Анда АКШ аскерлери Афганистандан чыгарылгандан кийинки кырдаал, аймактагы коопсуздук маселелери талкууга алынды.

Армения армян-азербайжан чек арасындагы кырдаал боюнча кеңири баяндама жасап, ЖККУ өлкөлөрүнүн көңүлүн бурду.

Ошондой эле жыйында кыргыз-тажик чек ара чатагы боюнча да маселе козголуп, ЖККУ мамлекеттеринин ТИМ башчылары ушул сыяктуу көйгөйлөрдү коңшулук жана достук принциптерине таянып, сүйлөшүү гана жолу менен чечүү керек экенин бир ооздон белгилешти.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 29-30-апрель күндөрү Тажиктсандын куралдуу күчтөрү Баткен облусунун тынч жарандарына оор аскердик куралдар менен кол салып, 36 мекендешибиздин өмүрүн кыйышкан. Жүздөгөн адамдарды жарадар кылып, бир нече айылды өрттөп кетишкен.

Бул окуядан кийин кыргыз коомчулугунда ЖККУ сыяктуу уюмдардан бизге канчалык зарылчылыгы бар деген маселе козголду. Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов «ЖККУдагы бир да өлкө Тажикстандын куралдуу агрессиясына калыс позициясын билдирбей, унчукпай койгону бул уюмдун пайдасы жок экенин аныктап койду», — деген оюн айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты