​Жыпариса Рысбекова балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Жыпариса Рысбекова Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.


Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров 19-майда кол койду.

Ошондой эле мамлекет башчынын жарлыгына ылайык:

— Айгүл Арипова Президенттин администрациясынын канцеляриясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин, башка актыларды аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

—Уланбек Усеков Президенттин администрациясынын канцеляриясынын начальнигинин орун басары — иш кагаздарын жүргүзүү, регламент жана жыйналыштарды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты