Марат Тагаев ТҮРКСОЙдогу Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматын аркалап келген Марат Тагаев өз арызынын негизинде кызмат ордунан бошотулду. Тагаев Марат ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү болуп дайындалды.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
ТҮРКСОЙ (Түрк маданиятынын эл аралык уюму) — түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюм.
Сүрөттө: Марат Тагаев. Маданият министрлиги
Муну бөлүшүү




