​УКМК депутатты абалды курчуткан билдирүүлөрдөн оолак болууга чакырды

  • 3 года мурун

Бүгүн парламент жыйынында «Республика Ата-Журт» фракциясынын депутаты Аккулу Бердиев Чоң — Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч эмес экенин, эгер тезинен чара көрүлбөсө, Баткенден да жаман болоорун, тажиктер Сары-Таш, Гүлчөгө чейин бастырып келишээрин айткан.


Депутаттын бул сөзүнө УКМКнын Чек ара кызматы жооп берип, кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин билдирди.

Чек ара кызматы мамлекеттик чек арадагы ар кандай окуяларга даяр жана ыкчам аракет көргөнгө жетиштүү күчкө ээ экенин кошумчалап, чек арадагы абалды курчуткан билдирүүлөрдү таратуу, айрыкча чек арадагы абал турукташып келаткан мезгилде жол берилгис экенин депутатка эскертти.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты