​Чек ара аймактарында патенти жок иштеген мигранттарга айып пул салынат

  • 3 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы чек ара аймактарындагы эмгекчи-мигранттардын Кыргызстандын аймагында ишмердик кылуусу үчүн ыктыярдуу патент алуу зарылдыгын эскертет.

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөсүз ишмердүүлүк жүргүзүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги тарабынан – 10 миң сом суммасында жана салык кызматы тарабынан – 3 миң сом суммасында айып пул салынат.

Салык кызматы чек ара аймактарындагы эмгекчи-мигранттарды ишке жалдоодо Кыргыз Республикасынын жарандарын аталган адамдардан Кыргыз Республикасында эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашырууга карата ыктыярдуу патентинин болушун талап кылууга чакырат.

2021-жылдын апрелинен тартып өсүмдүк өстүрүү, курулуш жана мал чарба, ошондой эле жекече тейлөө боюнча башка кызматтарды көрсөтүү жааттарында иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жалданган чек ара аймактарындагы эмгек мигранттар ыктыярдуу патенттин негизинде иштей алышат. Патентти аймактык салык органынан сатып алуу керек. Патенттин суммасы 30 календарлык күн үчүн 800 сомду түзөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты