Жалпы республикалык тестирлөө жүрүп жатат
- 3 года мурун
Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө жүрүп жатат.
Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тестирлөө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен 115 тест борборунда 18-майдан тартып өтүүдө.
Бул жылы тестирлөө үч этап менен жүргүзүлөт:
- 1- этап — 18, 19 -май;
- 2-этап — 21, 22-май;
- 3-этап — 22, 23-июнь.
Маалыматтарга караганда, жалпы республикалык тестирлөөгө 42 миң 817 окуучу каттоодон өткөн.
Сүрөт: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү