​Динара Кутманова: «Жергиликтүү калктын ири компанияларды эл аралык сотто утуп алган учурлары деле жок эмес»

  • 3 года мурун

Ушу тапта Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясы менен соттошсо, уттуруп коет, чет өлкөлүк инвесторлор келбей калат, андан көрө «Кумтөр» алтын кени боюнча талаш-тартышты сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечпейлиби дегендей да сөздөр айтылып келет.

Дүйнөлүк тажрыйбада жергиликтүү калктын ири компанияларды сотто утуп алган учурлар деле жок эмес. Аларга караганда биздин позициябыз кыйла бекем.

Бул тууралуу Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы угулуп жатканда билдирди.

Ал алтургай «Центерра Голд» компаниясына карата дагы бир чоӊ доону койсо боло турганын билдирди.

«Бул компания мыйзамдарды так сактарын, алардын иши эл аралык жогорку стандарттарга жоо берерин байма-бай айтып келет. Бирок, өнөр жай гигиенасы боюнча эл аралык аудит 2008-жылы жумуш жүргүзүлгөн аймакта коргошундун катышы 2,5-3,5 эсе жогору экенин аныктаган. Көрсө, компаниянын кызматкерлери граммдын ордуна миллиграммды, куб метрдин ордуна литрди көрсөтүп келишкен экен», — деп кошумчалады Динара Кутманова.

Жогорку Кеӊеш 2021-жылдын 17-февралында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзгөн, андан кийин ал мамлекеттик комиссия болуп кайра түзүлгөн. Кенден жылына болжол менен 15-18 тонна алтын өндүрүлөт.

«Центерра Голд» компаниясынын Директорлор кеӊешинин курамы 11 адамдан турса, кыргыз тараптан 3 гана өкүл бар.

16-майда “Центерра” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кумтөр боюнча комиссиянын баяндамасы каралып жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты