​Кумтөр боюнча комиссия: Кыргызстан 1,5 млрд, «Центерра» 11,5 млрд доллар пайда тапкан

  • 3 года мурун

Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми кенди иштетип жаткан канадалык «Центерра» компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда тапкан.


Бул тууралуу «Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссия даярдаган Кумтөр кени тууралуу тасмада айтылат. Тасма 17-майда парламенттин кезексиз жыйынында көрсөтүлдү.

16-майда “Центерра” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кумтөр боюнча комиссиянын баяндамасы каралып жатат. Баяндама 900 беттен турат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты