Жапаров: Кумтөр 2 айдан бери башкаруусуз турат

  • 3 года мурун

Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүк эки айдан бери көзөмөлсүз турат. Бул тууралуу 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясынын ишин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.


“Жума күнү мөңгүлөрдүн коопсуздугунун жана алардын жылып туруусунун абалын көзөмөлдөөчү система өчтү. Бул ошол зонада иштеген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет. Эки айдан бери Кумтөр кенинде башкаруу жок. Ортоңку звенодогу биздин адистер иштеп жатышат. Бирок негизги адамдар чыгып кетишкен. Санкциясыз өчүрүүнү биздин укук тартибин коргоо органдары карап жатышат. Биз аны калыбына келтирип жатабыз” деди Жапаров.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганы жарыяланды.

Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, депутаттык комиссиянын баяндамасын угуп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты