Өкмөттүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары аныкталды
- 4 года мурун
Өкмөттүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары аныкталды. Кабыл алынган чечимге ылайык, кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы төмөнкү лауреаттарга 50 000 (элүү миң) сомдон ыйгарылды:
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
— Аман Наматов – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн” номинациясында “Гүлчечекей кулунчак” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн;
— Ырысбай Абдыраимовго – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн” номинациясында “Түбөлүктүү чеп” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн;
— Сатыбалды Мамбеталиевге – “Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн” номинациясында “Керемет жомоктор” аттуу балдар жомокторунун жыйнагын которгондугу үчүн.
Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.