Эс тутум багытындагы Кыргызстандын алгачкы лауреаттары аталды
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
«Эсимде» платформасы эстутум багытындагы Кыргызстандын алгачкы лауреттарынын атын атады.
Эс тутум багытындагы Кыргызстандагы алгачкы сыйлыктын лауреаттары:
Тынчтыкбек Чоротегин, Кыргызстандын эгемендикке карай тарыхый жолундагы жарандык эрдиги жана улуттук тарыхый эс тутумду калыптандырууга кошкон зор салымы үчүн , Болот Абдрахманов «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин түптөлүшүнө, саясий репрессиялардын курмандыктарынын ысымдарын жана тагдырларын эл эсинде сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн,
Бактыгүл Акунбаева экинчи дүйнөлүк согуштагы туткундардын тагдырларын архивдерден тынымсыз изилдеп, тарыхтын көмүскөсүндө калган ысымдарды кайрадан коомдук эс тутумга кайтарып келе жаткан эмгеги үчүн татыктуу болду.
Сүрөт: “Эсимде” платформасы




